• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ажикеев: 70 сомдук кумшекер жана 130 сомдук өсүмдүк майын соода түйүндөрүнө жеткирүүдөбүз

15 Жалган куран 202210:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда азык-түлүк боюнча туура эмес маалыматтар тароодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

“Дүкөндөрдө азык-түлүктүн көлөмүнүн азайышы жана баасынын жогорулашы байкалууда. Президенттин тапшырмасы, Акылбек Жапаровдун көзөмөлүндө 1 млн кг кумшекерди өлкөнүн соода түйүндөрүнө таркатып жатабыз. Кумшекердин сатылышы 1 кг 70 сомдон болот. Мындан сырткары, өсүмдүк майдын тартылышы болот деген дагы сөздөр тараган. Азыр 500 миң литр өсүмдүк майын дагы соода уюмдарына жеткирүүдөбүз. Анын 1 литри 130 сомдон сатылат”, — дейт министр.

Количество просмотров: 1102