Ажо баш болуп… Добуш берүүгө жубайын жетелей келген саясатчылар (сүрөт)
Ажо баш болуп… Добуш берүүгө жубайын жетелей келген саясатчылар (сүрөт)
28 Жетинин айы 202119:06 Бишкек Govori.TV
Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Бул жолку шайлоого мамлекет башчы Садыр Жапаров баштаган саясатчылар жарандык милдетин жигердүү аткарып, добуш берүүгө жубайларын жетелей келишти.
Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1053 шайлоо тилкесинде жубайы менен чогу добуш берди.Саясатчы Өмүрбек Текебаев №1214 шайлоо участкасына жубайы Айгүл Текебаева менен келип добуш берди. Депутат Марлен Маматалиев дагы добуш берүүгө өмүрлүк жарын ээрчите келген. Ал эми парламент депутаты Эмил Токтошев үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого депутат Бактыбек Райымкулов жубайын жетелей келди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго шайлоо процессинин жүрүшүндө шайлоочулардын катышуусунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында каралып жаткан …
Тууну өзгөртүү долбооруна кайсы депутат кандай добуш берди?
Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү …