• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

75 кишинин кайрылуусу: Беш саясатчы 2 айга камалды

13 Бирдин айы 202612:01 Бишкек Govori.TV

Жапырт башаламандыкка айыпталып кармаган беш саясатчы 10-апрелге чейин абакта болот. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган.

ИИМ 11-февралда коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмү (Массалык башаламандыктар) менен кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 180