• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ажыбаев депутаттардын киминин жасалма диплому бар экенине кызыкты

16 Жалган куран 202216:50 Бишкек Govori.TV

Депутат Чыңгыз Ажыбаев депутаттардын киминин жасалма диплому бар экенине кызыкты. Ажыбаев Жогорку Кеңештин 16-марттагы жыйынында УКМКнын өкүлүнө кайрылып, Атайы кызмат тараткан маалыматтагы төрт депутаттын атын атоону билдирди.

«УКМК төрт депутаттын жасалма диплому бар деп айтып жатат. Атын атагыла. Болбосо Ажыбаевде бар деп жазып жатышат. Мен университетте беш жыл окугам, өз күчүм менен окууну бүтүгөм», — деди депутат.

Ал эми УКМКнын өкүлү учурда текшерүүнү гана жүргүзүп жатканын айтып, андыктан бардык маалыматтар алдын ала гана сандык жактан маалымат берилгенин билдирди. Ал белгилегендей, тергөө жүрүп жаткандыктан анын купуялуулугун унутпашыбыз керек.

Депутат Ажыбаев бул учурда алдын ала маалымат таратуу зарыл эмес экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 1448