Сауд Аравиясы 2024-жылы ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 6 миң 60 орун бөлдү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Мындай чечим ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин Атабаев, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев жана КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Дастан Нукуновдун Сауд Аравия Падышачылыгынын ажылык министрлигинин алдындагы ажылыкты уюштуруу башкы башкармалыгынын директору Бадир Ал-Сулами менен болгон жолугушуусунда айтылды.
Тараптар 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу, жаңы талаптар, мыйзамдар жана эрежелер боюнча пикир алышты.