• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Ажылык сапар: Кыргызстандан кеткендердин биринчи тобу Мединага жетти

17 Кулжа 2022 10:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Медина шаарына келип, мейманканаларга жайгаштырылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, болочок ажыларды 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөсү Жоробай ажы Шергазиев тосуп алды. Андан соң 405 жаран ыйык Харам мечитинин жанында жайгашкан мейманканаларга жайгаштырылган.

«Ажылардын ден соолуктары жакшы. Буюрса бардыгы көзөмөлдө. Керектүү дарылардын бардыгы бар»,-деди ажыларды коштоп келген дарыгер Нарынбек Акматов.

Ал эми ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев 405 ажыны коштоп келген ажы башчыларга жыйын өтүп, коопсуздук жана Сауд Араб Падышачылыгынын ажылыкты аткаруудагы мыйзамдарын так сактоо керектигин түшүндүрүп, бул жаатта ар бир ажылык амалын аткаруу үчүн келген жарандар менен иш алып барууну тапшырды.

Количество просмотров: 111