• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ажылык зыяратка барчулардан алгачкы төлөмдү кабыл алуу токтотулду

14 Жетинин айы 202310:59 Бишкек Govori.TV

Келерки жылы ажылык зыяратка барчулардан алгачкы төлөмдү кабыл алуу токтотулду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрь, саат 09:00гө карата ажылыкка барууну каалаган 6 миң 524 киши 2 миң доллар өлчөмүндөгү баштапкы төлөм жана 1000 сом кайтарымсыз акча каражатын өлкө аймагындагы «РСК Банк» банкынын филиалдарына төктү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ажылыкка каттоо жана банкка баштапкы төлөм төгүү 9-ноябрда башталган.

Эске салсак, 2024-жылы Кыргызстанга ажылыкка баруучулар үчүн 6600 квота бөлүнгөн.

Количество просмотров: 156