• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ажылык сапар учурунда эки тажик жараны каза болду

14 Теке 2022 9:13 Бишкек Govori.TV

Сауд Арабиясында зыярат кылып жүргөн эки тажик жараны – 62 жаштагы Мухаммад Расулов менен 64 жаштагы Кизларгүл Тожиева кайтыш болду.

Тажикстандын Дин иштери комитети алар жүрөк талмасынан көз жумганын билдирди. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Меккедеги Аль-Харам мечитинде өттү.

Тажикстандыктарды Меккеге коштоп барган башкы дарыгердин билдиришинче, башка зыяратчылардын ден соолугу жакшы. Бирок кээ бири муздак сууну көп ичкенден кийин тамагы ооруп, дене табы көтөрүлгөн.

Быйыл Сауд Арабиясына ажылыкка баруу үчүн Тажикстанга 3562 квота бөлүнгөн. Коронавирус пандемиясына чейин мусулмандардын ыйык жайына 6 миңге чейин тажикстандык барып турган. Акыркы эки жылда пандемияга байланыштуу Мекке жана Мединага зыярат жасоого тыюу салынган.

Количество просмотров: 122