• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Орусия 22 кишинин өлүмүнө айыпталган тажик жаранын Душанбеге өткөрүп берди

7 Баш оона 2023 13:15 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Башкы прокуратурасы дээрлик 30 жыл мурдагы кылмышка айыпталган Тажикстандын жараны Юсуф Салихов мекенине экстрадицияланганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Салихов айыпталган кылмыш иши 1992-жылы 14-октябрда Тажикстандын Сарбанд шаарында болгон. Ал тоноо максатында шериктери менен үйлөрдүн бирине кирип, анда чогулган үй ээсинин туугандарын аткылап, сөөктөрүн өрттөп жиберишкен. Анда жалпысынан 22 киши өлгөнү кабарланган. Бул окуядан кийин Салихов Орусияга качып, ал жакта укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн.

Орусиянын Башкы прокуратурасы белгилегендей, Салихов тажик бийлигинин өтүнүчү менен кармалган. Маалыматка караганда, 2022-жылы мартта Бохтар шаардык соту Салиховду камакка алуу чечимин чыгарып, ага издөө жарыяланган.

Тажикстандын укук коргоо органдары бул боюнча эч кандай маалымат бере элек. Азырынча Салиховдун да айыптоолорго карата пикири белгисиз.

Количество просмотров: 101