• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Азимбек Бекназаров Конституцияны өзгөртүүнү сунуштады

15 Үчтүн айы 201911:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.01.2019.Govori.TV.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча илимий практикалык конференция өтүүдө.

Талкууга коомдук-саясий күчтөрүнүн мүчөлөрү катышты. Алардын негизги максаты жакында өткөн курултайда айтылган Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушун Президент кабыл албаганына байланыштуу, ушул конференция өткөрүп жатканын баса белгиледи.

Азимбек Бекназаров Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштайт.

«24-ноябрда өткөн Курултайдан кийин өзгөрүү болот деп күткөнбүз. Бирок андай болгон жок, эч нерсе өзгөрүлгөн жок. Реформа өткөрүү боюнча мыйзам жазып жатабыз. 10 миң кол топтоп рефома өткөрүшүбүз керек. Ар кимибиз ар кандай бийликти каалайбыз, ошол себептен биз биригишибиз керек. Биригүү жолу менен компромиске баруу керек. Конституция 11 жолу өзгөргөн, анын тогузун президенттер өзгөрткөн. Президенттер каалагандай өзгөртүп, мыйзам, укуктар менен ойногон», — деди Азимбек Бекназаров.

Референдум жалпы 7 суроодон турат:

  1. Кыргыз республикасынын конституциясынын жаңыланышын колдойсуңбу?
  2. Мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын (түрүн) колдойсуңбу?
  3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары кандай шайлоо системасын колдойсуңбу?
  4. Кыргызстандын эли тарабынан шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдарынын аткарган ар жылдык иштери Элдик Курултайларда (Элдик бийлик) каралышын жана саясий-коомдук баа берилишин каалайсыңбы?
  5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын: Мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын тийиштүү жергиликтүү администрациялык-аймактык бирдиктерин (шаарлар, айыл аймактары) эли тарабынан түздөн-түз шайланышын колдойсуңбу?
  6. Облустар жоюлуп, райондор менен айыл-аймактары ириленишин колдойсуңбу?
  7. Кыргыз Республикасында расмий тил институтунун жоюлушун колдойсуңбу?
Количество просмотров: 13