• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Азимбек Бекназаров: Кумтөр маселеси дагы уланат

8 Аяк оона 2022 11:26 Бишкек Govori.TV

Кумтөр маселеси дагы уланат. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда өткөн маалымат жыйынында мурдагы элчи, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров билдирди.

«Кумтөр маселеси эгемен Кыргызстандын өзөгүн түзөт. 2 революцияда башкы талап Кумтөр болгон. Кумтөр алтын кени нечендеген адамдардын тарыхына байланыштуу. Акаевдин биринчи жемкорлугу Кумтөрдөн башталган. Исанов дагы Кумтөргө байланыштуу табышмактуу каза болгон. Айта берсе көп. Эң акыркысы азыркы президентибиз Кумтөр боюнча эмне деген азап тартты. Кумтөр маселесинде мамлекеттин тагдыры жатат. Жеңил -желпи бүтүрүп койгонубуз туура эмес. Мен азыркы бийликти Кумтөргө тышкы башкаруу киргизгенде куттуктагам. Чоң саясий эркти Садыр Нургожоевич көрсөттү деп. Бирок андан кийин эмне кылдык? Эми эмне кылып жатабыз? Өзүбүзгө тескери кылып жатпайбызбы. Акаевге рахмат айтып, анын жардамы менен деп койдук. Кумтөр маселеси дагы уланат. Адилет чечилбесе чоң саясий маселе», — деди Бекназаров.

Количество просмотров: 418