• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Азимбек Бекназаров: “Парламенттин 60-70 пайызы саясий сойкулар…”

4 Бугу 2018 17:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.05.2018. Govori.TV

“Азыркы парламенттин 60-70 пайызы саясий сойкулар…” Бул сөздү “Марал” радиосуна маек берип жатканда саясатчы Азимбек Бекназаров айтты.

Анын айтымында, кыргыз саясатчыларынын көбү эле бийликке келгенде “бийлейли”, “жыргайлы” деп жеке кызыкчылык менен ишке ашырып келет.

“Мына, кечээ Алмазбек Атамбаевдин колтугунда жүргөндөр бүгүн Сооронбай Жээнбековдун колтугуна киришти.  Акаевдин учурунда завод-фабрикаларды менчиктеп, сатып, талап тоногондор кийин Бакивдин колтуга кирип кетишти. Анан алар Атамбаевге өтүшкөн. Азыркы беш партиянын тизмесин ал өзү бирден карап түзгөн”,-деди ал.

Ошону менен бирге эле экс-президентти миллиардер болгон соң ошол байлыгы менен тынч жашашы керектигин айтып өттү.

 

 

 

Количество просмотров: 15