Бишкек. 15.01.2019.Govori.TV.
Азимбек Бекназаров Роза Отунбаеванын ырайым көрсөтүү боюнча сунушун мыйзамсыз деп баалады. Бул тууралуу «Govori.TV» агенттигине Азимбек Бекназаров айтты.
Анын айтымында Текебаевдин ишинде Отунбаева күбөө катары катышкан. Ал эми мыйзамда күбөө болгон адам, ырайым суроого укуктуу эмес.
«Биз Роза Отунбаева экөөбүз Текебаевдин ишине күбөө катары катышканбыз. Ал жерде биз кызыктар адам катары эсептелебиз. Кызыктар адам эч качан ырайым көрсөтүүнү сурана албайт. Андыктан Отунбаеванын сунушу мыйзамсыз болуп турат»,-дейт Бекназаров.