• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча териштирүү уланат

24 Баш оона 2021 15:51 Бишкек Govori.TV

Абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча териштирүү уланмай болду. Мындай чечим Бишкектин Свердлов райондук сотунда чыкканын 24-августта адвокат Айдар Садыков билдирди.

Анын айтымында, эми суралбай калган күбөлөрдү суракка алууга, жактоочулар койгон кошумча суроолорго жооп алууга, буга чейинки кемчиликтерди жоюуга жол ачылды:

“Ишти судья Айзада Исаева карап, биздин даттанууну толук колдоду. Эми Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтагы (ЖАМК) тергөө кайра уланат. Тергөөчүнүн териштирүүнү токтотуу тууралуу токтому мыйзамсыз жана негизсиз деп табылды”.

Садыков тергөөнү ЖАМК эмес, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жүргүзүүсү керек деген талап коюларын, себеби өлүм ЖАМКка караштуу мекемеде болгондуктан ал кызыкчылыгы бар тарап болуп эсептелерин кошумчалады.

27-июлда Бишкек шаардык соту Свердлов райондук сотунун адвокаттардын даттануусу боюнча териштирүүнү токтоткон чечимин жокко чыгарганын жана Аскаровдун өлүмү боюнча кылмыш ишин токтотууга каршы чыккан адвокаттардын арызын райондук сотто кайра кароого жол ачылганын “Азаттык” радиосуна “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун координатору Аида Байжуманова билдирген. Ал “Бир дүйнө Кыргызстан” жана адвокаттар Аскаровдун өлүмү боюнча иликтөө сапаттуу жана толук жүргүзүлүшү үчүн күрөштү уланта беришерин айткан.

2010-жылдын июнь окуялары үчүн айыпталган Аскаров өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 колонияда көз жумган. Жаза аткаруу мекемеси ал пневмониядан каза болгонун билдирген.

Укук коргоочунун өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталган. Бирок кийин Жаза аткаруу кызматынын тергөөчүсү ал ишти токтотуп койгон.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген. Тергөө органдары Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдиришкен. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айткан.

Булак: “Азаттык”

Количество просмотров: 117