Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.
Мелдештин чейрек финалында Тыныбекова 62 кг салмакта монголиялык Болдсайханы Хонгорзулга каршы чыгып, аны 7:3 эсебинде жеңди. Кийин беттеш өзбекстандык Набира Есенбаева менен болду.
Ал эми финалда япониялык Нонока Одзаки менен беттешмекчи.