Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.
Кыргызстандык балбан 77 кг салмак ченинде катышууда.
Финал үчүн беттеште Махмудов ирандык балбан Амир Али Абдини 11:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип чыкты.
Финалда кыргыз балбаны япониялык Нао Кусака менен кез келип, 2:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.