Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Арууке Кадырбек кызы (55 кг чейин) Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын коло медалына ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу жалпы эки беттеш өткөрүп, 1/4 финалдык баскычтан баштап, анда Түндүк Корея өлкөсүнөн келген балбан кызга 0:10 эсебинде жеңилип калды.
Кийин атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу 3-орунга күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Коло үчүн беттеште казакстандык Зульфия Яхярова аттуу балбан кызды 5:3 эсеби менен жеңди.