• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Азия чемпиону болгон Жоламан Шаршенбековдун жеңишинен кийинки маеги (видео)

21 Чын куран 2022 15:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утуп алды. Шаршенбеков жеңишинен кийин Бириккен күрөш дүйнөсүнө (UWW) маек берди. Маегинде команда менен бирге Азия чемпионатына катуу даярданганын айтты.

“Финал биз үчүн ийгиликтүү болду. Грек-рим күрөшүнө өмүрүбүздү арнап келе жатабыз. Бул менен токтоп калбай, Олимпиаданын бир катар чемпиону болом деген үмүтүм бар”, — деди спортчу.

Шаршенбеков ошондой эле Азия чемпиону болгон Тынар Шаршенбеков анын агасы экенин жана грек-рим күрөшүнө дал ошол агасы алып келгенин белгиледи.

“Кичинекей кезибизден баштап чогуу машыгып өстүк. Учурдан пайдаланып, Тынар агама ыраазычылык билдиргим келет. Сиз экөөбүз буйруса, Олимпиаданы багындырабыз. Ал эми Акжол Махмудов менин эң жакын досум. Анын ар бир күрөшкөнүн көрүп шыктанам, үлгү алам”, — деп сөзүн жыйынтыктады балбан.

Количество просмотров: 175