Кыргызстандын эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасынын мүчөсү Курсантбек Исаков да Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын алтын медалына ээ болду.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Курсанбек Исаков алтын медаль үчүн беттеште кубанын балбаны Иосиф Иван Бахманнды 4:2 эсебинде жеңип, өз салмагында дүйнө чемпиону болду. Балбан финалга чейин алгач Япония, андан кийин Казакстан жана Американын балбандарын жеңген.