Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Рустамжан Кахаров, Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын алтын медалына ээ болду.
Балбан 65 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Ал алгач 1/16 финалдык беттеште ирандык спортчуну 14:5 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште австралиялык балбанды утту.
Чейрек финалдык беттеште грузиялык балбанды 6:2 эсебинде жеңип, жарым финалда казакстандык спортчуну 12:5 эсебинде утту.
Алтын медаль үчүн беттеште россиянын балбанын акыркы секунддарда жеңип, өз
салмагында дүйнө чемпиону болду