Бишкек.29.01.2019.Govori.TV.
29-январда Азия Кубогунун жарым финалынын 2-беттеши Абу-Даби шаарындагы «Мохаммед бин Зайед» стадионунда өттү.
Анда финалга чыгуу жолдомосу үчүн БАЭ менен Катар курама командалары беттешти.
Катар курамасынын 4:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.
Катар курама командасы Азия Кубогунун финалында Япония курама командасы менен беттешет.
Мелдештин финалы 1-февралда өтөт.
