• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Азия кубогунда кыргыз хоккейчилер алгачкы жеңишти багындырды

14 Бештин айы 2017 9:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.12.2017.Govori.TV.

Хоккей боюнча жаштар арасында (U-20) Кыргыз курама командасы Малайзияда өтүп жаткан Азия кубогунда алгачкы беттешин өткөрүп атаандашын жеңип алды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курама командасы Филиппин курамасы менен беттешип 12:4 эсеби менен жеңип алды. Беттештин 5-мүнөтүндө Кыргыз хоккейчилери алгачкылардан болуп шайбаны атаандашынын дарбазасына киргизишкен.

1-тайм Кыргыз курамысын жеңиши менен 4:2 эсебинде аяктады. 2-таймды Кыргыз хоккейчилер 5:1 эсеп менен жеңсе, 3-таймды 3:1 эсеби менен жеңди. Беттештин жыйынтыгында Кыргыз курамасы 12:4 эсеби менен жеңишке жетишкен.

Белгилей кетсек, аталган мелдеште 5 курама команда атаандашууда: Кыргыз өлкөсү, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Филиппин, Индия жана Малайзия.

Количество просмотров: 20