• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Адилет Шадыканов Азия оюндарында күмүш медаль тагынды

6 Тогуздун айы 202317:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын карате-до боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Адилет Шадыканов Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында күмүш медаль тагынды.

Финалдык беттеште Адилет Шадыканов ирандык спортчу Саджад Ганжзаде менен кез келип, 2:4 эсебинде жеңилүү азасын тартты.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат.

Количество просмотров: 182