Бишкекте “Манас 2” эл аралык аэропортунда Кытайдын Ханчжоу шаарында 23-сентябрдан 8-октябрга чейин өткөн XIX жайкы Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын тосуп алышты.
Спортчуларды маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, спорт секторунун өкүлдөрү, спортчулардын жакындары, достору жана күйөрмандары тосуп алды.
