• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Азияда кооптуу делген маймыл чечегин жуктурган учур катталды

16 Баш оона 202423:34 Бишкек Govori.TV

Швециянын Саламаттык сактоо министрлиги денесин калтырак басып, ыйлаакча каптаган киши ооруну Африкага барганда жуктуруп алганын, ага Стокгольм шаарындагы ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын маалымдады. Тагыраагы, маймыл чечеги алгачкы жолу Швецияда катталды.

Пакистанда маймыл чечек оорусу катталды. Бул Азиядагы биринчи учур экенин, инфекция Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринен жакында эле кайтып келген Мардан шаарынын тургунунан аныкталганын Пакистандын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, Express Tribunes маалымат агенттиги жазды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) илдетке чалдыккандар Европа аймагында “жакынкы күндөрү” каттала башташы ыктымал экенин эскертти. Жакында аталган уюм Африкадагы Mpox эпидемиясын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган жана азыркы катталып жаткан штамм кооптуураак экенин белгилеген.

Быйыл жыл башынан бери Конго Демократиялык Республикасында Mpox инфекциясы 14 миңден ашуун адамда катталды. 524 киши каза болду. Оору Борбордук Африка Республикасында, Кенияда, Руандада жана Африканын башка өлкөлөрүндө да катталууда.

Количество просмотров: 337