• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Европада маймыл чечегинен каза болгон биринчи учур катталды

31 Теке 2022 13:06 Бишкек Govori.TV

Жума күнү, 29-июлда Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги маймыл чечегин жугузуп алган бейтап каза болгонун кабарлады. Бул Европада ушул оорудан каза болгон биринчи учур болуп саналат.

Учурда Испания вирусту жугузуп алгандардын саны боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунда турат. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин отчетуна ылайык, өлкөдө оорунун 4 миң 298 учуру катталган. 135 бейтаптын оорусу күчөгөн, алардын көбү «бактериялык инфекциялар жана ооз көңдөйүндөгү жара» менен кайрылган. 120 бейтап ооруканага жаткырылып, бирөө каза болгон.

Количество просмотров: 392