Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги маймыл чечеги дартын аныктоочу ПЧР-тесттерди сатып алды. Бул маалыматты Тимур Султангазиев билдирди.
Анын айтымында, Казакстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул дартты көзөмөлгө алуу үчүн аэропорттордогу жана чек арадагы көзөмөл пункттарына термометрлер орнотулду.
Министрлик казакстандык туристтер үчүн да ооруну алдын алуу боюнча эрежелерди иштеп чыкты.
Африка континентинде 2023-жылдын сентябрь айында башталган эпидемиянын кесепетинен 13,7 миң адамга оору жукканы кабарланууда. Алардын ичинен 456 бейтап каза тапкан. Швеция бул оору Африкадан тышкары катталган алгачкы өлкө болду.