• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Азиянын бешинчи ирет чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова билдирүү жазды

13 Чын куран 2023 9:01 Бишкек Govori.TV

Азиянын бешинчи ирет чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова жеңишинен кийин үн катып, жалпы кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

Ал социалдык тармактагы баракчасына калтырган билдирүүсүнө кубанып, ошол эле кезде сыймыктанып тургандыгын айтты.

«Мен үчүн жеңишти көздөй бет алуу узак жана татаал жол болду… жылдын өзү дагы көп сыноолор менен коштолду. Мени колдоп, мага ишенгендердин баарына терең ыраазычылык билдирем!

Бул жеңиш меники эле эмес, жалпыбыздын жеңишибиз! Сиздерге чоң рахмат!», — деди Тыныбекова.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.

Количество просмотров: 477