Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.
Бишкекте мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуп жиберген тууралуу кылмыш иши боюнча дагы 3 дарыгер кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ИИМдин кызматкерлери № 47 түзөтүү колониясынын борбордук ооруканасында иштеп жаткан дарыгерди, ЖАМКтын медицина башкармалыгынын мурунку башчысын жана Саламаттык сактоо министрлигинин дарыгерин колго түшүрдү. Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске салсак, мыйзамдагы уурунун бошоп кетиши тууралуу иш ушул жылдын январында кайра жаңыланган.
Азиз Батукаев 2013-жылы Нарында жаткан абакта саламаттыгына байланыштуу бошотулган. Ал ошол күнү паспорт алып, «Манас» аэропорту аркылуу Чеченстанга учуп кеткен. «Өлөөрүнө эки жума калды» деген кримтөбөл учурда сак саламатта кылмыштуу дүйнөнү башкарып келүүдө. Анын кримтобу Кыргызстанда да иш алып барат.