• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Азиз Суракматов Бишкектин мэри болуп шайланды

8 Баш оона 2018 10:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек.08.08.2018.Govori.TV.
Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жаңы мэрди шайлашты. Көпчүлүк добуш менен Азиз Суракматов мэр болуп шайланды.

Мында 44 депутат добуш берди. Жалпысынан 45 депутат отурду.

Суракматовго добуш берген 44 эл өкүлүнүн 43ү «макул», бирөө «каршы» болду.

Бишкек шаарынын мэринин кызматына документтерди тапшыруу мөөнөтү 31-июлда аяктап, Азиз Суракматовдун арызы кабыл алынган. 
Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген.
Атаандашсыз мэр шайлоо жараяны коомчулукта нааразы пикирлерди жараткан.
Количество просмотров: 23