• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Азык-түлүк уурдады делип абак башчысынын орун басары кармалды

18 Баш оона 202514:24 Бишкек Govori.TV

ЖАМКнын тийиштүү кызматтары тарабынан коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде, 2025 жылдын 15- август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылында жайгашкан №27 мекеменин башчысынын финансы-чарба иштери боюнча орун басары ички кызматынын капитаны Т.у.Т. уурулук фактысы боюнча шектүү деп кармалды.

«Т.у.Т. жогоруда аталган учурда, ЖАМКнын №27 мекемесинин кампасынан, 01 KG 406 AQM номуру менен Мерседес-Бенс Спринтер үлгүсүндөгү авто унага 300 литр суу май (күн карама өсумдүк майы), жана өзүнүн жеке 05 KG 157 ADV номуру менен КИА үлгүсүндөгү автоунасына 40 литр суу май (күн карама өсумдүк майы), 1-кап (40-килогграм) картошка жүктөп алып кетип бараткан жеринен кармалган»,-деп жазылат ЖАМК тараткан маалыматта.

Аталган факты, кылмыш бирдиктүү реестирине катталып, чогултулган материалдар, Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасына өткөрүлүп берилген, азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иш амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 139