• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип эки жаран кармалды

11 Үчтүн айы 20269:00 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип 19 жаштагы эки адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 4-январда Каракол шаарынын 50 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, 2010-жылы туулган кызы 2-январда түштө үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кыз табылып, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жашы жете элек кыз мыйзамдуу өкүлү, апасынын катышуусунда суракка алынган. Анда 7-январда Ак-Суу районунун Ак-Суу айылында белгисиз үйдө ага карата зордук-зомбулук көрсөтүлгөндүгүн билдирген.

Факты каттоого алынып, жашы жете элек кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Окуя катталган Ак-Суу милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренесинин (Он алты жашка толо электер менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) негизинде кылмыш ишин козгоду. Кылмышка шектүү катары О.У. жана Б.К. аттуу 19 жаштагы эки жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 147