Бишкектин четинен жаш кыздын сөөгү табылды, кылмышка шектүү өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Алынган маалыматка караганда, 4-февралда «102» кызматына шаардын четиндеги айланма жолдун боюнан аял кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
«Аталган факты боюнча окуя болгон жерге дароо Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБнын ыкчам тергөө тобу жөнөтүлдү. Окуя болгон жерге барганда маалымат тастыкталып, зордук-зомбулуктун белгилери бар аялдын сөөгү табылган. Аталган факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, маркум 2006-жылы туулган С.Б. аттуу жаран экендиги аныкталган. Милиция кызматкерлери «изин суутпай» кылмышка шектүү 2004-жылы туулган Н.А. аттуу жаранды аныктап, үйүнө барган учурда ал өз жанын кыюуга аракет кылып, өзүнө бир нече жолу бычак сайган», — деп жазылат маалыматта.
Ага өз убагында биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң «103» тез жардам кызматы чакырылган.
Учурда Н.А. аттуу жаран медициналык мекемеде кайтарылууда.
Кылмыш иши боюнча тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.