• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көк-Жардагы үй комитетинин башчысы добуш сатып алууга шектелүүдө

22 Жетинин айы 202511:57 Бишкек Govori.TV

Көк-Жардагы үй комитетинин башчысы добуш сатып алууга шектелип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

«20-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына Б.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган, анда көрсөтүлгөн күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунундагы үйлөрдүн «Турай жай ээлеринин шериктештигинин» (ТСЖ) төрайымы С.Н. анын батирине келип, жубайы Б.С. аттуу жаранга ичине 2000 сом акча каражаты салынган ЖКнын депутаттыка талапкерлердин биринин үгүт буклетин берип, көрсөтүлгөн талапкерге добуш берүүнү суранган. Ошол эле күнү берилген үгүт буклетти акчалай каражаттары менен кошо кайтарып беришкендиги тууралуу билдирген»,-деп жазылган маалыматта.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесине (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголуп 1949-жылы туулган С.Н. аттуу жаранга айыбы угузулду.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 120