• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышат

25 Чын куран 2023 13:01 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен ушул жылдын 8-майында расмий сапар менен Россияга барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Алдыдагы сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров менен Россиянын Президенти Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалууда.

Өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Ошондой эле Россия Федерациясынын башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылууда.

2023-жылдын 9-майында Москва шаарында Мамлекет башчысы ардактуу конок катары Жеңиш парадына катышат», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Количество просмотров: 64