• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

«Азыркы мыйзам абдан эскирген». Шакиев талаштуу ЖМК мыйзамы боюнча пикирин айтты

31 Тогуздун айы 202313:54 Бишкек Govori.TV

Борбор Азиядагы жана башка мурдагы советтик өлкөлөргө салыштырганда Кыргызстанда сөз эркиндиги жогору. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулаган жыйында билдирди.

“Азыр колдонулуп жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү” мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. Андан бери 30 жылдан ашуун убакыт өттү. Мыйзам ошол учурдун, ошол доордун талаптарына жооп бергени менен азыркы шартка ылайык келбей калгандыгы жашыруун эмес. Себеби ал мезгилде азыркыдай интернет тармагы өнүккөн эмес, бүгүнкүдөй технологиялык мүмкүнчүлүктөр жок болчу. Андыктан, азыркы шартты, азыркы талапты эске алып, колдонуудагы мыйзамды өзгөртүшүбүз зарыл. Биздеги сөз эркиндигинин деңгээли коңшу өлкөлөргө, ал тургай дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттерине салыштырмалуу өтө жогору. Бирок жоопкерчилик жагы көп каралбай келет. Кээде жеке адамдын аброюна шек келтирген, жалган маалыматтар таратылган учурлар кездешет. Адам укугу бекем сакталган, демократиялык өлкөлөрдүн жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жолугушууларда сөз эркиндигине байланыштуу сүйлөшүп калабыз. Байкаганымдай, аларда сөз эркиндиги менен катар ага карата жоопкерчилик да бар экени эске алынат. Андыктан, жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгууда бул жааттагы эл аралык тажрыйбага да көңүл бурушубуз кажет”, – деди ал.

Теги:
Количество просмотров: 131