• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Шакиев БУУнун Кыргызстандагы координатору Гравье менен жолукту

25 Жалган куран 2024 15:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар уюмунун ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү маселелери, биргелешкен долбоорлор жана алдыга коюлган пландар тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Бириккен Улуттар уюму менен бардык багыттарда кызматташып келе жатканын белгилеген.

«Айрыкча аталган уюм тарабынан Кыргызстанга көптөгөн жардамдар көрсөтүлүп, социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып келет. Андыктан, калыптанган өнөктөштүктү өнүктүрүп, мындан ары да жигердүү кызматташууга кызыкдарбыз», – деди.

Ошондой эле 2023-2027-жылдарга карата туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн белгиленген иш пландарды Кыргызстан ийгиликтүү ишке ашырып жатканын айткан.

«Кыргыз Республикасы БУУга мүчө болгон 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлеп, туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда олуттуу прогресске жетишүүдө. 2030-жылга чейин мыкты 30 өлкөнүн катарына кирүүгө умтулабыз. Бул багытта мамлекет башчыбыз да олуттуу тапшырмаларды коюп, парламент дагы алгылыктуу иштерди алып барууда», – деп кошумчалаган ал.

Муну менен катар тоолордун экосистемасын коргоо, экологияны сактоо жана жашыл экономиканы жайылтуу жаатындагы аракеттер тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев аталган багыттарда Бириккен Улуттар уюму баштаган эл аралык бирикмелер менен тыгыз иш алып баруу башкы максат экенин белгиледи.

«Айлана-чөйрөнү коргоо жалпы адамзат үчүн маанилүү. Андыктан, биз биргелешип иш алып барганда гана коюлган максаттарга жете алабыз», – деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Өз кезегинде Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве өзү жетектеген өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү жана жасап жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат берди.

Ошондой эле Бириккен Улуттар уюму туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган Кыргызстандын аракетине жогору баасын берип жатканын айткан Антье Граве аталган багытта мындан ары да тыгыз иш алып барууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Андан сырткары, алдыга коюлган пландарды ишке ашырууда Жогорку Кеңештин ролу чоң экенин белгилеп, биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Количество просмотров: 49