• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Шакиев Билим берүү министрлигин экиге бөлүүнү сунуштады

20 Жалган куран 2024 17:44 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Билим берүү жана илим тармагында эки министрлик түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн  Улуттук илимдер академиясында билдирди.

«Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчадан баштап, мектептерди, кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларын, Улуттук илимдер академиясын жана башка билим берүү, илим изилдөө мекемелерин тейлейт. Бирок бирине жетишсе, бирине жетишпей, ири реформаларды ишке ашыра албай келет. Андыктан, бала бакча менен мектептерди өзүнчө, ал эми жогорку окуу жайлары менен илим изилдөө тармагын өзүнчө тейлеген эки министрлик түзүү зарыл деп эсептейм», – дейт ал.

Белгилей кетсек, спикер бүгүн Улуттук илимдер академиясына барып, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун, ошондой эле академик Асылбек Алтымышбаев атындагы Философия институтунун ишмердүүлүгү менен таанышкан.

Количество просмотров: 246