Президент Садыр Жапаров мамлекеттин акчасына кол салгандар жазасыз калбасын эскертти. Бул тууралуу ал 16-июлда Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч болсо да жазасыз калбайт. Ошондуктан азыртадан оңолгула. Биздин убагыбызда мамлекеттин акчасын уурдоо деген болбош керек»,-деп жазды Жапаров.