• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бүгүн 146 адамдан COVID-19 табылып, 1 бейтап каза болду

28 Жалган куран 2021 11:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 146 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 101, Ош – 1, Чүй облусунда – 34, Ош облсу – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 2 кишиден илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 63 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 34, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 16 жана Ысык-Көл облусунда – 6, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад — 4 киши айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 1 адам каза болуп, пандемия башталгандан бери өлгөндөрдүн саны 1495ке жетти.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 528 бейтап, амбулатордук түрдө 520 адам дарыланууда.

Сайтта көрсөтүлгөндөй, бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 238 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 196 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 092 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 600 киши айыгып чыкса, 1 миң 494 адам каза болду.

Количество просмотров: 91