• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бүгүн 2022-жылдын Америка ыр сынагынын финалдык концерти өтөт

6 Теке 2022 11:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-июлда үч жылдан кийин оффлайн форматына кайтып келген «Америка ыр сынагынын» финалын өтөт.

Маалыматка ылайык, сынак 6-июлда саат 16:00дөн 18:00гө чейин Novotel мейманканасында Кыргызстандын орто мектептеринин окуучуларынын жана ЖОЖдун студенттеринин арасында “Америка ыр сынагынын” финалы өтөт. Сынак “Америка ыр сынагынын” расмий Youtube каналында да түз эфирде көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын орто мектептеринин арасында өткөрүлгөн сынакты жеңип келген 15 финалисти жана Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларынын ЖОЖдорунун арасындагы университеттик сынактын 6 финалисти катышат.

Ошондой эле, финалдык этаптын программасында “Америка музыкасы чет өлкөлөрдө” долбоорунун алкагында Ош, Кант жана Бишкек шаарларынын Access программасынын окуучулары АКШдан келген музыканттар менен биргеликте жазган ырын аткарышат.

Катышуучулардын аткаруулары компетенттүү жана көз карандысыз калыстар тобу тарабынан бааланат. Калыстар тобунун курамына Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү маданият жана искусство ишмерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин өкүлдөрү кирет.

Сынак жыл сайын АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен “Sun People”  коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп келет.

Сынактын максаттары: англис тилин окутууда чыгармачылык мамилени жайылтуу, студенттердин арасынан таланттуу жаштарды аныктоо жана АКШнын музыкалык маданияты менен тааныштыруу.

Жыл сайын Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан келген катышуучулар америкалык артисттердин жана авторлордун ырлары аркылуу өздөрүнүн вокалдык таланттарын жана англис тилин үйрөнүүдө ийгиликтерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул сынак жыл бою өткөрүлүп, бир нече этаптан турат, андан кийин атайын калыстар тобу сынактын жеңүүчүлөрүн тандайт.

Сынак үч этаптан турат жана www.americansongcontest.kg сайтында онлайн режиминде өткөрүлдү.

  • I этап – Аймактарда квалификациялык сынак
  • II этап – Жарым финалдык сынак
  • III этап — Финалдык сынак

2022-жылдын Америка ыр сынагына 90 орто мектептин 9-11-класстарынын 400дөн ашык окуучусу, ошондой эле Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларындагы 12 университеттен 70тен ашык студенттер катышты.

Количество просмотров: 74