• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Быйыл банктардын валюталык операциялардан алган пайдасы 8 эсеге өстү

22 Жетинин айы 2022 11:30 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын коммерциялык банктарындагы валюталык операциялардан түшкөн киреше өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сегиз эсеге өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын январь-сентябрында экономиканын финансы секторунда 603 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 565 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 14 камсыздандыруу компаниясы ишин жүргүздү.

2022-жылдын 9 айында экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге (28,7 млрд. сомго) көбөйүү менен 75 млрд. сомго жакындады, бул негизинен банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыздалды. Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 45 млрд. сомдон ашып, дээрлик 1,5 эсеге өстү.

Январь-сентябрында экономиканын финансы секторунун ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү
 (млн. сом)

2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ишканалардын 67%ы пайда алышты, ал эми 13%ы чыгым тартты. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 29,2 млрд. сом пайда суммасында түзүлдү, бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен 2 эсеге (14,5 млрд. сомго) ашты.

Пайданын өсүшү чет өлкөлүк валюталар менен болгон операциялардан алынган кирешелердин көбөйүшү менен шартталды, бул салыштырылып жаткан мезгилде алардын коммерциялык банктардагы көлөмү 8 эсеге көбөйдү.

2022-жылдын 1-октябрына карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 227 млрд. сомдон ашты. Банктык секторго кредиттердин жалпы көлөмүнүн 86%ы, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдар секторуна 14%ы туура келди. Кредиттөөнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмдүн 25,3%ы), керектөө муктаждыктары (19,2%), айыл чарбасы (18,6%), ипотека (10,6%) жана курулуш (7%) болуп саналды.

Количество просмотров: 105