• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Быйыл республикалык бюджеттин тартыштыгы 35 миллиард сомду түздү

11 Жетинин айы 2022 11:13 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев республикалык бюджет боюнча өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирүү жазып, бюджет тартыштыгы 35 млрд сом экенин билдирген.

«2022-жылдын бюджетибизге киргизилген өзгөртүүлөр менен таанышып, быйылкы жыл кандай башталганын эстедим. Ал эми жакшы жана келечекке чоң амбициялуу пландар менен башталды. Министрлер кабинети үмүт берип, алты айдан кийин президент фискалдык саясаттагы чоң ийгиликтерди айткан. Алгач жылды кирешелер 282,1 миллиард сом менен, чыгашалар 291,2 миллиард сом жана 9,1 миллиард сом дефицит менен аяктоо пландаштырылган. Алдыда бизди кандай эбегейсиз зор пландар күтүп турганын эске алганда, тартыштык алгылыктуу», -деп жазат ал.

Бюджеттин 35 млрд сом тартыштыгы бул күтүлгөн эле жагдай болгонун белгилеген депутат өлкөдөгү айлык-акынын, жөлөк пулдардын көтөрүлүүсүн, социалдык курулуштардын болуп жатканын кошумчалаган.

«Ал эми каржы жылын минтип жыйынтыктайбыз: кирешелер — 272,002 миллиард сом, чыгашалар — 307,3 миллиард сом жана тартыштык 35,3 миллиард сом. Эмне үчүн мындай болду?», — деди Бекешев.

Ал эми Каржы министрлиги үстүбүздөгү жылдагы республикалык бюджетинин тартыштыгы тууралуу маалымат таратты.

Министрлик тартакан маалыматта, республикалык бюджеттин тартыштыгы 26,2 миллиард сомго өскөнү кабарланат.

«Учурда 2022-жылга республикалык бюджетке тактоолор даярдалды. Бул тактоолорго ылайык, республикалык бюджеттин кирешелери 272,0 млрд сом деңгээлинде же 10,1 млрд сомго кыскаруу менен болжолдонууда.

Салыктык түшүүлөрдүн азайышынын негизги себеби — Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышуу жана Орусия Федерациясына каршы кошумча санкциялардын киргизилиши. Бул ЕАЭБдин кирешелеринин азайышына алып келди, ал өз кезегинде Россия Федерациясынан жана Беларусь Республикасынан азыраак өлчөмдө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнө таасирин тийгизди.

Республикалык бюджеттин чыгашалары 307,4 миллиард сом деңгээлинде же 16,1 миллиард сомго көбөйүү менен болжолдонууда.

Бюджеттин чыгашалары 2,9 миллиард сомго көбөйгөн. Атайын эсептердеги каражаттар боюнча чыгашалар 11,8 миллиард сомго көбөйгөн. Бул мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын чыгымдары.

Мамлекеттик инвестициялык чыгашалар 1,4 миллиард сомго өстү. Бул мамлекеттик инфраструктуралык долбоорлорго болгон чыгашалар.

Республикалык бюджеттин тартыштыгы 26,2 миллиард сомго өсүп, 35,4 миллиард сомду түзөт», — деп жазылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 77