Кыргызстанда 29-августка карата коронавирус дагы 213 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек — 94;
Ош шаары — 6;
Чүй облусу – 27;
Ош облусу – 4;
Талас облусу — 14;
Нарын облусу — 5;
Ысык-Көл облусу – 45;
Жалал-Абад облусу – 6;
Баткен облусу — 12.
Ал эми бир суткада 348 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 132 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 226 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 437 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 169 миң 117 киши айыгып чыкса, 2 миң 518 адам каза болду.