• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бүгүн 304 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды

14 Баш оона 202011:07 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) оорусу 304 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 73 адам;

— Ош шаарында 19 адам;

— Чүй облусунда 24 адам;

— Ош облусунда 32 адам;

— Ысык-Көл облусунда 56 адам;

— Жалал-Абад облусунда 39 адам;

— Баткен облусунда 42 адам;

— Талас облусунда 14 адам;

— Нарын облусунда 5 адам.

Кыргызстанда жалпы коронавирус менен 41 миң 373 бейтап катталды.

Количество просмотров: 167