Өлкөдө акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан (пневмонияны эсепке алганда) 355 бейтап айыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 108 киши, Ош шаарында – 21, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда – 51, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 48, Баткен облусунда 20 бейтап COVID-19 илдетинен айыккан.
Учурда Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 34 миң 306га жетти.