• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бүгүн 36 адамдан COVID аныкталды

14 Бештин айы 20219:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 14-декабрга карата коронавирус дагы 36 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 19;
  • Чүй облусунда – 11;
  • Ош облусунда – 3;
  • Ысык-Көл – 3.

Ал эми бир суткада 40 адам илдеттен сакайып чыкты, каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 321 бейтап, амбулатордук түрдө 367 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184миң 27 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 80 киши айыгып чыкса, 2 миң 773 адам каза болду.

Количество просмотров: 110