• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бүгүн 439 адамдан коронавирус аныкталды

15 Теке 202010:22 Бишкек Govori.TV

15-июлга карата Кыргызстанда дагы 439 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Жаңы катталган бейтаптар:

  • Бишкек шаарында – 172
  • Чүй облусунда — 70
  • Ош шаарында — 53
  • Ош облусунда — 30
  • Жалал-Абад облусунда — 32
  • Баткен облусунда — 66
  • Ысык-Көл облусунда — 14
  • Нарын облусунда — 1
  • Талас облусунда — 1

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 11 миң 977 адамга жетти.

Количество просмотров: 124