Кыргызстанда 7-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 450 жаңы учур катталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 229 адам;
— Чүй облусунда 84 адам;
— Ош облусунда 23 адам;
— Ош шаарында 32 адам;
— Жалал-Абад облусунда 47 адам;
— Баткен облусунда 10 адам;
— Нарын облусунда 11 адам;
— Ысык-Көл облусунда 13 адам;
— Талас облусунда 1 адам.
Өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 8141 кишиге жетти.