• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бүгүн 47 кишиден COVID табылды

14 Теке 2022 11:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-июлга карата өлкөдө COVID-19дун жаңы 47 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Анын ичинде 40 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан, 7 кишиден ПЧР-тест тапшыруу учурунда аныкталган.

Аныкталгандардын ичинен жетөө COVID-19га каршы эки жолу эмдөөдөн өткөн. Амбулатордук дарыланууда — 46 адам, ооруканада бир бейтап жатат.

«2022-жылдын 6 ай 13 күнүндө COVID-19дун 16 миң 581 учуру аныкталды. Анын ичинде лабораториялык түрдө 14 587 (87,9%) жана 1994 (12,1%) учур – клиникалык-эпидемиологиялык (белгилерин жана ооруну жугузгандар менен байланыштарын эске алуу менен) ырасталган», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 миң 329 учуру катталган, адам өлүмү 1,5% түздү.

Количество просмотров: 264